• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин карап баштады

9 Аяк оона 2019 12:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин карап баштады. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирди.

«Билим берүү жана илим министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап баштайбыз. Аталган тармактагы эң олуттуу көйгөйлөрдү атап, чечүү жолдорун кошо айтып, андан башка да салмактуу сунуштарыңыздар болсо жазсаңыздар», — дейт Акаев.

Эске салсак, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.


Каныбек Исаков 2011-жылдан тартып азыркы учурга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Количество просмотров: 189