• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Үйлөрдү, короо-жайды суу каптап. Баткенде сел жүрдү

22 Кулжа 202623:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды, унааларды, ички жолдорду жана бир катар коммерциялык объектилерди суу каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кээ бир жол каттамдары жабылды.

“Учурда президенттин өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок.

Келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. Абал тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 10