• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Көчмөн Сити” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

10 Бирдин айы 202517:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Чүй облусунда “Көчмөн Сити” турак жай комплексинин мезгил кутучасын салды.

Жалпы 20 гектар аянтты камтыган бул заманбап комплекс 86 блоктон туруп, бардык курулуш иштери улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Аймакта 3 мектеп, 4 бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана 3 унаа токтотуучу жай курулат. Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган.

Эске салсак, “Көчмөн Сити” турак жай комплекси былтыр курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 176