• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Туманбаев ооруканалар шаар сыртына чыгарыларын билдирди

24 Теке 20259:10 Бишкек Govori.TV

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаардын сыртына чыгарыларын билдирди.

Ал бул тууралуу 23-июлда Эне-баланы коргоо улуттук борборунун оңдоп-түзөтүүдөн өткөндөн кийинки абалын көрүү үчүн барганда айтты.

“Азыр биз медициналык шаарчанын курулушун баштап жатабыз. Бүт баардык ооруканалар ошол жакка көчөт да, Көк-Жарга”,-деди Туманбаев.

Ал курулуштун чоо-жайы тууралуу мындан башка кеңири маалымат берген жок.

Количество просмотров: 368