Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш. Долбоор Ысык-Көл аймагынын потенциалына ылайыкташтырылган алдыңкы финансы борборлорунун дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларына негизделген.
Аймактын негизги артыкчылыгы инвесторлор үчүн түшүнүктүү, туруктуу жана жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү болот.
«Тамчы» АФИА долбоорунун негизги параметрлери:
Минкаб башчысы өз сөзүндө «Тамчы» долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү стратегиялык кадам экенин белгиледи.
Ачылыш аземди жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык ийгиликтерине токтолуп, «Тамчы» өсүштүн рекорддук көрсөткүчтөрү фонунда ишке киргизилип жатканын белгиледи.
«Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык. Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайбыз. Сиздердин ийгилигиңиздер – бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасы жогорку темптерди көрсөтүүдө: 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%ды түздү, ал эми акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2%га жетти. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы импульс берүүчү фактор болуп калат. Урматтуу инвесторлор, бакубаттуулуктун негизи – биримдикте. Келиңиздер, биргеликте ийгиликтерге жетишели. «Тамчыга» кош келиңиздер!» – деп сөзүн жыйынтыктады.