• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Көчмөндөр оюндары: Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

12 Аяк оона 202414:26 Бишкек Govori.TV

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда казак курамасы жеңишке жетти. Эсеп 5:4, казактар жекме-жек учурунда улак таштоого жетишти.

Курамалар экинчи таймды тең чыгуу (4:4) менен жыйынтыктаган. Мындан улам кошумча 10 мүнөт берилген.

Бул беттеш бир катар пикир келишпестиктер менен коштолуп, калыстын дарегине бир катар сындар айтылды.

Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Кубанычбек Султан уулу эсепти 3:1 кылып кыргызстандыктардын пайдасына жаңырткан. Ошондон кийин дароо Казакстан курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген, ал буга эч кандай реакция кылбай, андан ары ат менен кетип калган. Бирок казак жигит аны кууп жетип, кайра камчы менен чапкан.

Оюн убактылуу токтотулуп, кайрадан уланган.

Количество просмотров: 171