• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көчмөндөр оюндары: Таяк тартыш боюнча курама команда 8 медаль жеңди

11 Аяк оона 20249:07 Бишкек Govori.TV

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары байгелүү орундарды ээлешти. Атап айтсак, таяк тартыш боюнча курама команда 8 медаль жеңди: 6 алтын, 1 күмүш, 1 коло.

Муну менен улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты.

Казак күрөшү боюнча курама команда 4 медаль утту. Анын үчөөсү күмүш, бирөө коло.

Кураш боюнча курама команда 1 алтын, 1 коло медаль тагынды.

Эркектер арасында +100 кг салмакта Бекболот Токтогонов V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Ал эми кыз-келиндер арасында Ажар Исаева 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Эр эңиштен улуттук курама 6 медаль утту: 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло.

Количество просмотров: 256