19-августтан 20-августка караган түнү көгүлтүр ай толду. Анда Жерден айды толук көркүндө көрө алабыз, анткени ал демейдегиден чоңураак жана жаркырап көрүнөт.
Бул көрүнүш августтан ноябрга чейин кайталана турган төрт супер айдын биринчиси гана.
Супер ай же толук ай Жерден эң алыс жайгашкан учурга караганда 14% чоңураак жана 30% жарык болот.
Ал эми бул көрүнүшкө күбө болгондор сүрөттөр менен өз социалдык тармактагы баракчаларына бөлүштү.



