• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Күйөрмандар кыргыз-өзбек футбол беттешине кызуу даярданууда (видео)

10 Аяк оона 202419:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Өзбекстан менен ойнойт. Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө башталат.

Ал эми күйөрмандар оюнга кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.

Кечээ, 9-сентябрда оюн алдындагы маалымат жыйында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын атаандаштарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айткан.

Беттешти ФИФА калысы Ахмад Аль Алинин жетекчилиги алдындагы Кувейттик арбитрлер тобу калыстык кылат.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Количество просмотров: 87