Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Бүгүн 29-октябрда, Ош облусундагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү боюнча чемпионат башталды. Мелдешке өлкөнүн жети дубаны жана Бишкек менен Ош шаарларынан куралган тогуз команда катышып жатат.
Алар үч топко бөлүнүп күч сынаша турган болушту. Бул чечим Дене тарбия жана спорт агентиги тарабынан чыгарылды.
10.00–11.30 — Чүй облусу менен Бишкек шаары;
11.30–13.00 — Ош менен Жалал-Абад облусу;
13.00–14.40 — Талас менен Баткен облусу күч сынашат.
Оюндарынын финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом каралган.
Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.