• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көк бөрүчүлөрдүн көчмөндөр оюндарына кийип бара турган формасы аныкталды

29 Баш оона 2022 14:10 Бишкек Govori.TV

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган Кыргызстандын көк бөрү командасынын кийип бара турган формасы жарыяланды.

Көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кочкул кызыл, ал эми көкпар боюнча улуттук курама команда көк түстөгү спорттук форма киет.  Жакында оюнчулар үчүн экинчи форма дагы даярдалат.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт. Учурда эки курама команда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп жатышат.

Количество просмотров: 179