• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк бөрүдөгү өлүм: Оюнчу менен калыс кармалды

13 Жалган куран 20259:08 Бишкек Govori.TV

Көк бөрү оюнундагы улакчынын өлүмү боюнча иш козголуп, оюнчу менен калыс кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

12-мартта «Көк-бөрү» улуттук оюндар федерациясы уюштурган мелдеш учурунда, катышкан командалар ортосунда оюн өтүп, оюн башталганынан болжол менен 10–15 мүнөт өткөндөн кийин оюн эрежелеринин одоно бузулушу менен байланышкан кагылышуудан улам оюнчулардын бири аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылган.

Жабырлануучу, 1980-жылы туулган С.М., алган жаракаттарынан улам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган.

Бул факт боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү, 1996-жылы туулган А.Ч., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, оюн учурунда калыстык кылган, 1983-жылы туулган Ш.У. да кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учун да тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1525