• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» турнири токтотулду

15 Жалган куран 202513:18 Бишкек Govori.TV

Спорт департаменти көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» республикалык турнирин өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу «Көк бөрү» федерациясы билдирди.

Департамент оюндар убактылуу токтогонун билдиргени менен так себептерин түшүндүргөн эмес.

«Ушундан улам «Көк бөрү» федерациясы катышуучу командаларга жана күйөрмандарга Нооруз турнири уланбай калганын жарыялоого аргасыз» деп жазылган баракчада.

12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун «Бүркүт» командасынын оюнчусу ат менен сүзгөн. Соккудан жараат алган улакчы жерге кулап, оюн эки саатка токтотулган. Милиция Сражидинов ооруканага бараткан жолдо үзүлгөнүн, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголуп, оюндагы калыс жана атаандаш команданын оюнчусу камакка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 211