• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк-бөрү: «Достук» менен «Ынтымак» финалда

19 Жалган куран 202417:33 Бишкек Govori.TV

Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары Бишкекте көк бөрү боюнча өтүп жаткан Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалына чыкты.

Маалым болгондой, финалдык беттеш 21-мартта өтөт.

Белгилей кетсек, «Ак кула» ат майданында Нооруз мелдешинин Жогорку лигасынын жарым финалдык оюндары бүгүн өттү. Анда “Сары-Өзөн” менен “Ынтымак” командасы кездешип, 5:1 эсебинде «Ынтымак» командасы жеңишке жетти.

Ал эми экинчи жарым финалдык оюнда “Достук” “Мурас” командасын 11:4 эсебинде утту.

Количество просмотров: 174