• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Көк бөрү: «Ынтымак» командасы эл аралык кубокту жеңди

20 Баш оона 202318:06 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы жеңип алды.

Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноп, «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде утту.

Бул эл аралык мелдеште үчүнчү орунду Кыргызстандын «Достук» кома ээледи.

Кошумчалай кетсек, 13-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталган. Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты.

Количество просмотров: 191