Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылган.
Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына саат 08:54тө түшкөн.
«Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсүнөн газ жарылганын аныкташкан. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалды», — деп жазылат маалыматта.