• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк-Жарда кампадан өрт чыкты

21 Баш оона 202513:48 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн, 21-августта алдын ала маалымат боюнча Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Октябрь райондук №7 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:15те Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, саат 12:24тө дагы 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Кошумча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кезметинен жана мэрия тарабынан 2 суу ташыгыч унаа (водовоз) чыгып, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жеке менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган, ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, малина, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 106