• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде сел жүрдү

7 Бугу 2021 12:23 Бишкек Govori.TV

Баткенде сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда жааган жаандан улам болжол саат 23:13 чамасында Актурпак айыл аймагынын Өрүк-Зар айылында жайгашкан КР ӨКМнин алдындагы «Сел жана Суу ташкындарынан коргоо» мамлекеттик агенттигинин балансындагы №12 дамба 4-5 жеринен жырылып Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан.

«Кооптуу аймактагы элдер кабарланып, болжол менен 1500 жаран коопсуз жерлерге чыгарылган. Учурда суунун деңгээли төмөндөп каптап кетүү коркунучу жоюлгандыктан тургундар өз үйлөрүнө кайтышты.

КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Баткен жана Кадамжай райондук бөлүмдөрүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып суу ташкындын кесепетин жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. ӨКМдин Баткен жана Кадамжай райондук бөлүм башчысы, райондук ЖК кызматтары менен биргиликте тактоо иш-чаралын жүргүзүшүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 288