• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто кампадан ири өрт чыкты

17 Үчтүн айы 202513:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында кампадан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен саат 08:44дөн баштап өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен тилсиз жоо саат 09:26да чектөөгө алынып, 12:20да толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 227