• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көл жана суу сактагычтардан 46 миң метрден ашык тор чыгарылды

12 Бугу 202610:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын суу сактагычтарында жана көлдөрүндө экологиялык кылмыштарга каршы рейддер уланууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-майдан 10-майга чейин республика боюнча 125 рейддик иш-чара өткөрүлүп, экологиялык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

10 күндүн ичинде Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнөн, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан жалпысынан 9 миң метрге жакын мыйзамсыз тор жана 300 кг таштанды чыгарылды.

«Ал эми жыл башынан бери инспекторлор тарабынан жалпы 46 300 метр эски синтетикалык тор жана 1 060 кг таштанды суу түбүнөн тазаланды. Мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштүн алкагында жалпы 416 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул иш-чаралар президенттин балык уулоого жана синтетикалык торлорду колдонууга тыюу салган жарлыктарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 99