• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көл жээгиндеги 155 гектарга жакын жер тазаланды

21 Баш оона 202510:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусунда жалпы облустук ишембилик өттү. Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды.

«Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 114