• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көл жээгиндеги мушташка катышкандарды милиция издеп жатат (видео)

29 Кулжа 2022 13:53 Бишкек Govori.TV

Сары-Ой айылындагы Радуга пансионатынын жээгинде мушташкан видео соцтармактагы black_list.kg баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, көл жээктеги жергиликтүү тургундар пансионаттын коопсуздук кызматы менен уруш болгон.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы кабарланды.

Алардын маалыматына ылайык, 29-июнь күнү саат 12:50 чамасында Ысык-Көл райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Сары-Ой айылында жайгашкан «Радуга» пансионатынын пляжында мушташып жаткандыгы тууралуу телефон билдирүү түшкөн.

«Учурда милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан, чырдын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, мушташка катышкан адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 621