• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

 Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

29 Кулжа 202613:10 Бишкек Govori.TV

Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда мониторинг жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.

Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.

Маалымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталып, ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилген.

Белгиленгендей, текшерүү жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Количество просмотров: 14