• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Көл жээктеги мушташка катышкандар милицияга жеткирилди

29 Кулжа 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн “Радуга” пансионатындагы мушташ тартылган видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, 29-июнда саат 12:50лөр чамасында “102” кызматына Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жеринде окуянын келип чыгышын аныктоодо.

Учурда мушташка катышкан 18 жаран баары райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Алгачкы тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 455