• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Көлбаевдин курулуп жаткан 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

22 Жетинин айы 202311:03 Бишкек Govori.TV

Жол кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле ал муну менен катар 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 99