• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык делген мүлктөр аныкталды

19 Тогуздун айы 2023 17:46 Бишкек Govori.TV

Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык делген мүлктөр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР УКМК К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:

1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;

2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;

3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;

4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 463