• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк-Жардагы ызы чуу. Аким канча объект бузуларын айтты

6 Баш оона 202514:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Көк-Жарда 149 объект амнистияга илинерин, калган 236 объект бузуларын билдирди.

«Жумуштар мэрдин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Ээлерине алты айдын ичинде объектилерин бузуу боюнча эскертүүлөр берилди. Биз жер тилкелерин эч ким албай турган объектилер боюнча гана иш алып барабыз. Бузула турган объекттер мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен, амнистияга жатпайт», — деди Октябрь районунун акими.

Эскерте кетсек, бузуунун биринчи этабы кечээ, 5-августта башталган. Октябрь акимиатынын маалыматы боюнча, мыйзамсыз курулган 236 объект демонтаждалат.

Количество просмотров: 259