• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Мокинтош» кармалды

23 Баш оона 2023 11:24 Бишкек Govori.TV

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Мокинтош» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 22-августта күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылын «смотрящийи» аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды.

«2020-жылы М.Мусадаров, Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, КР жаранынан 5000 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген. Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 253