• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көлбаевдин жок кылынышынын мыйзамдуулугу текшерилди

31 Үчтүн айы 2024 13:02 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча атайын операциянын мыйзамдуулугу текшерилгенин билдирди.

“Президентибиз мага коңгуроо чалып, “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Жерине аскер прокурорун алып бардым. Көрүп келип маалымат бердим. Ошол күндөн тарта көзөмөлгө алдым. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө укугу жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. Андай факты аныкталган жок. Ошондуктан тергөөнү УКМК улантууда”, — деди ал.

Мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. УКМК “Камчы Көлбаев УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнүн, ага каршы жооп иретинде ок атылып каза болгонун” билдирген.

Президент Садыр Жапаров 16-октябрда улуттук “Кабар” улуттук агенттигине маек берип, Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын айткан. 

Количество просмотров: 80