• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: «Көлбаевдин анча-мынча байлыгы Эдуга өткөнбү?»

30 Чын куран 202614:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев Камчы Асанбектин өлүмүнөн кийин анын канча мүлкү мамлекеттин карамагына өткөнү тууралуу суроо салды.

«Камчы Көлбаев өлгөндөн кийин өзү жашаган үйүн бала бакча кылыпсыздар, калган мүлктөрү эмне болду? УКМКнын балдары ошол эле Эдугада [ред. Элдар Жакыпбеков] анча-мынча байлыгы өткөн деген маалымат жүрөт. Ошол канчалык чындыкка жатат»?, — деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев ага жооп берип, анын агенттикке өткөн мүлктөрү боюнча тизме бар экенин ал эми башка боюнча жооп бере албасын айтты.

Количество просмотров: 267