• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Көлдө браконьерлер кармалды

10 Бугу 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөндөр аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 даана  үйлөмө кайык, 88 даана “чабак”, 12 даана “форель”, 6 даана “судак”, жана 28 даана “сига” балыктары  табылып алынган.

Атай кетсек, аталган фактылар Түп районунун Кудургу айылынын аймагында, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен  аныкталган.

Аталган фактылар Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз улоо жана олжолоо) беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 67