• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Өкүлдөр палатасынын төрагасы Байденге каршы иликтөө баштоону тапшырды

13 Аяк оона 20239:11 Бишкек Govori.TV

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президентке каршы расмий иликтөө баштоого ниеттенүүдө.  Анын жыйынтыгында Кошмо Штаттардын лидери Жо Байденге импичмент жарыяланышы мүмкүн.

Бул тууралуу 12-сентябрда палатанын спикери, республикачы Кевин Маккарти билдирди.

Анын айтымында, иликтөөдө «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тоскоолдук жаратуу жана коррупция боюнча айыптоолорго басым жасалат».

Журналисттер менен болгон маегинде саясатчы мыйзам чыгаруу органынын комитеттерине тиешелүү тапшырмаларды бергенин айтты. Маккарти мамлекет башчысына карата «олуттуу жана ишенимдүү» шектенүүлөр бар экенин белгиледи.

Би-Би-Си Республикалык партиянын мүчөлөрү 2023-жылдын январында Өкүлдөр палатасын көзөмөлгө алгандан бери президентти иликтеп жатышканын белгилейт. Атап айтканда, алар президенттин уулу Хантер Байдендин бизнес байланыштарын шектүү деп эсептешет. Бирок республикачылар Ак үйдүн азыркы жетекчисинин мыйзамсыз аракеттеринин анык далилдерин таба элек.

Президенттик администрация Байденге каршы иликтөө жарыялангандан кийин республикачылар мыйзам бузуу боюнча эч кандай далил таппаганын билдирди.

Тергөө президенттик шайлоо кампаниясынын фонунда өтөт. Ага Байден да, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да катышуу ниетин билдиришкен. “Рейтер” агенттиги азыркы демократ президентке импичмент жарыялоо аракетинен майнап чыгары күмөн экенин жазды. Өкүлдөр палатасы аны кызматтан кетирүү үчүн добуш берсе да, бул жараян демократтар көзөмөлдөгөн Сенатта дээрлик ийгиликсиз болору болжолдонууда.

Количество просмотров: 51