• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Көлгө жатып алып түшөмбү, талтайып түшөмбү, ал өз эрким». Депутат талкуу жараткан видео тууралуу кайрылуу жасады

26 Теке 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев соцтармакка тарап, талкууга алынган Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн видеосу тууралуу кайрылуу жасап, түшүндүрмө берди.

Депутат өз кайрылуусунда талкуу жараткан видео кандайча тартылып калганы тууралуу айтып берген.

«Фракциябыздын депутаттары менен кайсы маселени көтөрөбүз деп кеңеш алуу үчүн «Costa-Brava» пансионатына барганбыз. Ошол жактан көлгө түштүк. Ал жакта баары бар болчу, кичинесинен чоңуна чейин аралашып жүргөн.

Биз чыгып жаткан иштебеген сауна экен. Эми кичине ысытып коюшуптур, биз ал жакка сууларыбызды, полотенцаларыбызды коюп жатканбыз. Ысык-Көлгө түшүүнүн адеби бар. Биз, көлдүктөр, көлдү булгабайбыз. Элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула.

Мага жаш балдар «байке, бомбаны сонун таштасаңыз керек, бомба таштап бериңизчи» деп суранышканынан макул болуп, бирок тартып жаткан бир жигитке видеого тартпа деп айткам. Ал видео кантип Кундуз Ажыбекованын колуна тийди, түшүнбөй калдым. Эми аны чыгарган ал кызга муну өз абийрине койдум. Ар кандай сөздөрдү жазыптыр, эми тамашанын да чеги болот.

Ысык-Көлгө жатып алып түшөмбү, талтайып түшөмбү, ал өз эрким», — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 1580