Бишкек мэринин кеңешчиси Асхат Осмонов социалдык тармактагы өздүк баракчасына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин жубайы Эркегүл Мамаева аны кызмат орду менен куттуктап келгенин айтып, сүрөт жарыялаган.
Аталган билдирүүнүн алдына Мамаеванын жолдошу, Финполдун жетекчиси Жапыкеев «эмнеге келиптир?» деген комментарий калтырган. Жапыкеевдин суроосу көпчүлүктү күлкүгө бөлөп, интернет колдонуучулары түрдүү пикирлерин жазышууда.