• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Саясатты саясатчыларга бердик». Сыймык Жапыкеев жаңы пост жазды

18 Жетинин айы 2022 15:30 Бишкек Govori.TV

Жоюлган Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жаңы пост жазып, 2016-жылдагы видеосун бөлүштү.

«Ушул эле күндөр жакшы экен, көп нерсе менен жумушум жок. Балык уулоо, саякат. Саясатты саясатчыларга бердик. Буюрса саякатты улантабыз. Саясатчы деле боло алган жокпуз, бизде саясатчы болуш кыйын, баш оору экен», — деп жазды ал.

Бегилей кетсек, Сыймык Жапыкеев октябрь окуясынан кийин, тагыраагы 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Кийин Жапыкеевге финполдун генерал-майору наамы берилген.

Количество просмотров: 1820