• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көрүнбөй калган Жапыкеев көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө кантип бурду?

17 Бирдин айы 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Жоюлган Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы жеке баракчасынын тарыхчасына узун чачтуу сүрөтүн жарыялаган. Генерал-майор Жапыкевдин жаңы образы көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Көп өтпөй, журналист Тилек Рыскулов Сыймык Жапыкеев менен бирге түшкөн төмөндөгүлөрдү жазды.

«Генерал Сыймык Жапыкеевди Караколго баратып, «Апамдын каттамасынан» кезиктирип калдым. Эч кандай чачы өспөй эле экен. Кечээки сүрөт монтаж болуп чыкты»,-деп жазган ал.

Бегилей кетсек, Сыймык Жапыкеев октябрь окуясынан кийин, тагыраагы 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 635