• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көлмө конушунда китепкана курулууда

29 Чын куран 202410:09 Бишкек Govori.TV

Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушу уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоор көп функционалдуу 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты — 622,62 чарчы метр.

«Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда 1-жана 2-кабаттарга кыш кыноо жүргүзүлүп, коммуникациялар: суу түтүгүнүн, канализация жана электр энергиясын өткөрүү үчүн орундары даярдалууда.

Количество просмотров: 89