• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ак үйдү басып алгандар китепканага тийген эмес (видео)

13 Тогуздун айы 2020 11:37 Бишкек Govori.TV

Ак үйдү басып алгандар китепканага тийген эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин имаратын тазалап жатышат. Бул үчүнчү кабат. Тазалоо иштери кечетен бери жүрүүдө. Сыныктары сыртка чыгарылып, бүтүндөрү иреттелип жатат. Сүйүндүргөнү китептердин баардыгы соо калыптыр. Эч ким кол сабаптыр, маанилүү китептердин баары ордунда турат»,-деди Нуракун уулу.

Эске салсак, Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда 5-октябрда кагылышуу болду. Митингчилер 6-октябрга оогон түнкү саат 3:00дө Жогорку Кеңештин дарбазасын талкалап, Ак үйгө кирип барган болчу.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10158003820963264/
Количество просмотров: 303