• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Көмүр уурдаган аткаминерлер кармалды

14 Жетинин айы 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын үч облусунда – Фергана, Наманган жана Анжиянда аткаминерлер калкка арналган көмүрдү жеке кызыкчылыктары үчүн сатышканы аныкталды. Үч учур  боюнча  кылмыш иши козголду.

Фергана облустук прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бувайдин райондук көмүр кампасынын башчысы элге дээрлик 414 млн сумга же 34 миң долларга жеңилдетилген баада 1364 тонна кара алтын сатылганы боюнча жалган маалымат даярдаган. Чынында көмүрдү жеке кызыкчылыгы үчүн сатканы аныкталган.

Наманган облусунун Үчкурган райондук көмүр кампасынын башчысы күз-кыш мезгилинде элге арзандатылган баада бөлүштүрүүгө арналган 624 тонна көмүрдү жеке пайдасына сатканы белгилүү болгон.

Ушундай эле окуялар Анжиян облусунун үч районунда аныкталган. Ал жерде аткаминерлер 962 миллион сумга (78,5 миң доллар) тете көмүр уурдашкан.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иштери козголду. Шектүүлөр камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 148