• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

11 Аяк оона 202315:12 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагынан көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Документте айтылгандай, тыюу “Эркештам» жана “Торугарт» автомобилдик өткөрүү пунктарына тиешелүү эмес.

Ошондой эле токтомдо 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишсиз болгон жана баасы жогорулаган учурда КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөтүнүн башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөө каралган.

Количество просмотров: 241