• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Күнүнө 1 миллиард 100 миллион сом табыш керек». Жапаров депутаттарга кайрылды

16 Бирдин айы 202219:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар жазгы талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маалыматын угушту.

Министрлер кабинетинин башчысы өзү жана өкмөт мүчөлөрү депутаттардын биринчи чакырыгы менен парламентке келе албай калуусун түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

«Консолидацияланган бюджеттин көлөмү 400 млрд. Бул сумманы 365 күнгө бөлсө, анда күнүнө 1 миллиард 100 миллион сом табыш керек, 10 саат иштесең, бул сумма саатына 110 миң сомду түзөт. Андыктан кандайдыр бир себептерден улам парламентке силер чакырган да келе албай калсак таарынбагыла», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон маалымат алууга мүмкүн болбой жатканын айтышып, жыйынга чакыруу демилгесин айтышкан.

Количество просмотров: 1190