Осмонбек Артыкбаевдин жакындары анын абалын эске алып, сот гумандуу чечим чыгарат деген максатта мамлекетке 100 миллион сом төлөгөндүр. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
“Бүгүн соттук отурумда жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочулар баштады. Ар бир айыпталуучуга карата жыйынтыктоочу сөздөрдү айтып, өкүм чыгаруу тууралуу өтүнүчүн келтиришет. Андан соң жактоочуларга жарыш сөз берилет. Ал эми Осмонбек Артыкбаевдин жакындары өз калоолору менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөн. Бул адамдын өзүнүн эрки. Бирок, Артыкбаев күнөөнү мойнуна алган жок”,-деди Жоошев.