• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

“75чилердин каты”: Сотто жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду

29 Кулжа 202613:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум уланды.

Маалым болгондой, сот отурумунда кылмыш ишинде жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулду.

Белгилей кетсек, соттук жараяндар жабык өтүп жатат.

Иштин фигуранттары катары УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Курманкул Зулушев жана ЖКнын мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу катышууда, алар  эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми беш саясатчы: Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асановдор камакта.

Количество просмотров: 38