• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Күн ысык болсо да Кыргызстанда жумуш убактысы кыскарбайт

16 Кулжа 202517:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын азыркы Эмгек кодексинде ысыкта жумуш убактысын чектөө боюнча норма каралган эмес. Бул тууралуу 24.kgге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, эмгек мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү коопсуз жана сергек эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү. Бул эмгекти коргоо талаптарын сактоону жана кызматкерлердин ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүү, өзгөчө жогорку температуранын шарттарында иштөөнү камтыйт.

Эмгек укуктарынын бузулушуна же кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүгө байланышкан жагдайлар келип чыккан учурда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жана колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чараларды көрүү үчүн эмгек инспекциясы органдарына кайрылуу сунушталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 41 градуска чейин ысык болот.

Количество просмотров: 227