• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Күндүн сүрөтү: Боомдогу селде тизесине чейин баткак кечкен тартип сакчысы

5 августа 2022 в 21:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-августта Боомдо селден улам унаа жол жабылып, унаалардын узун тыгыны жаралган.

Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана ӨКМдин кызматкерлери тыгынды жоюуда өз милдеттерин аткарып жүрүштү.

Өзгөчө коомчулуктун көңүлүн тизесине чейин баткак кечкен тартип сакчысынын сүрөтү бурду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 5-августта саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суусу Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 136 жана 138-чакырым аралыгында эки тилкедеги жолду кум шагылга толтурган.

Саат 17:00дө жолдун Балыкчы–Бишкек каттамы бир тараптуу ачылды. Машиналар ал жерден эки тарапка кезеги менен өтүп жатат.

Селдин айынан Боомдун автожолу буга чейин да бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы бир күнгө токтогон

Количество просмотров: 3171

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда