Жоокерлер чыр чыккан Баткендеги мектептин спорт залынында полдо эс алып жаткан сүрөт тарады. Аны Фейсбук тармактын колдонуучулары талкууга алышып, чек араны коргоп жаткандарга айрымдары ыраазычылыгын да билдиришүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар.
Эске салсак, 9-январдан 10уна караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганы айтылган. Учурда териштирүү иштери жүрүп ал эми күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылган.