Балбан Жоламан Шаршенбековдун кичинекей кезинен бери машыктырып келген 86 жаштагы машыктыруучусу Хаким Махмудовдун кечээки беттеш учурунда тартылган сүрөтү социалдык тармактарда тарады.
Кечээ Шаршенбеков жарым финалдык беттешинде утулуп калган. Ал бүгүн коло медаль үчүн күч сынашат.
Хаким Махмудов СССРдин спорт чебери. Анын колунан көптөгөн жигиттер машыгып, 90 дон ашыгы кыргыздын желегин желбиретип, ийгиликтерге жетишкен.
Хаким Махмудовду аябай жакшы түшүнүп турабыз. Күйөрмандар эле канчалык ызаа тарттык. Хаким агай үчүн оңой эмес учур болду.
Сынбаңыз агай!✊
Жараткан сизди кийинки олимпиада оюнуна жеткирип, Жоламандын алтын алганына күбө болуңуз.🤲
Бизге мындан да көп күрөшчүлөрдү таптап бериңиз.