• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

    Күндүн ыргагы… Эки жашар бала, экинчи аял алган молдо, эки киши көз жумган жол кырсыгы

4 Бештин айы 2017 17:47 Бишкек Govori.TV

     Мурунку  жумада иш-сапарда болгон Президент Сооронбай Жээнбеков бул жумадагы иш күнүн армияга арнады. Тактап айтканда, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев менен жолугуп, Куралдуу күчтөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын берди.  Алмазбек Шаршеновичти унута албаган Президент ал кишини дагы мактап өттү. Андан ары аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо, аларды турак-жай менен камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелерге токтолду. Өлкөнүн Башкы командачысы катары иш жумасын бул тармактан баштаган Президенттин аракети колдоого алаарлык. Анткени, мамлекет үчүн Куралдуу күчтөрү, чек эӊ маанилүү экендиги белгилүү. Өткөн жылы өлкөдөгү аскер бөлүктөрүнөн көп сандагы курал-жарак сатылганы ачыкка чыгып, Чек ара кызматынын 14 жетекчиси иштен алынган. Мындай, фактылар Сооронбай Жээнбеков мактап кеткен Алмазбек Атамбаевдин тушунда болгондугун эске, алсак мактоо өз ордунда болбой калгандыгы байкалат.

Чек ара демекчи, бүгүн кыргызстандыктарды кубанткан жагдай, казак-кыргыз чек арасы кадимки тартипте иштей баштады. Өткөн жумада  Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде жолуккан кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев чек ара маселесин талкуулашканы белгилүү.  Ал эми 2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. Бул жагдай дагы жаӊы шайланган Президентке упай алып келе турган аракет катары кабыл алынууда.

Эми мындай иш-аракеттер менен катар, Президент кийинки кадамдарында  милиция тармагынын ишине көӊүл бурса максатка ылайык келмек. Өткөн жумада Ички иштер министрлигинин курал кампасында нөөмөттө туруп, өзүн атып каза болгон кенже сержант Эрлан Сөлпүевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Ал эми бүгүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милиция кызматкери өзүнө бычак уруп, өмүрүнө кол салды.  Мындай фактылардан улам бир кезде Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүрүп, кызматтык секирик жасап, генерал наамын алган ИИМ министри Улан Исраиловдун тушунда деле аталган тармактын иши алдыга жылбаганынан кабар берет. Ошондой эле ИИМ тармагын реформалоо ооз жүзүндө калганын эске алсак, жаӊы Президент аталган тармактын ишине көӊүл бура турган жагдайлар арбын экендигин байкоого болот.

Бул маселелерге удаа, Президент  менен катар күндөн-күнгө саны арбыган жол кырсыктарына көӊүл бөлүп, өзүнүн көзөмөлүнө алса, коомчулуктун алкоосуна арзымак. Анткени, бүгүн эле эл ташыган автобус оодарылып ондон ашуун адам ооруканага жекирилип, Жалал-Абад-Казарман жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты.

Эки жарым жашар баласын тээп камакка алынган Сокулук райондук мамлекеттик каттоокызматынын жетекчи орун басары Бариер Адиев кызматтан алынары белгилүү болду. Ал арада жарандык никеде жашап жаткан жубайы күйөсүн бошотууну жана оор жаза колдонбоону суранса ошол эле маалда аталык укуктан ажыратууну суранганын 24.кж сайты жазып чыкты. Ал эми Бариер Адиев болсо баласын теппегенин, жерге жатып алган жерден тургузганын айтты. Эки жарым жашар баласын тээп коомчулуктун сынына кабылып жумушунан айрылмакчы болгон Бариер Адиевдин баш коргоо чарасын сот эртең карап суракка алат.

Экинчи аял алып чуу жараткан Чубак ажы Жалилов 4-декабрда экинчи жолу суракка чакыртылды. Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев Чубак ажы Жалилов өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен милициянын коштоосунда алынып келинип 6 саат сурак бергенин билдирген. Акин Токталиевдин айтуусунда милиция Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алдым деген билдирүүсүн төгүндөөсүн талап кылган. Бирок, Бишкек ШИИБнин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча Чубак ажыны милиция көлдөн бери коштоп келген эмес жана сурак 10:00дөн 14:00гө чейин болгон. Ошондой эле Чубак ажы Жалиловго чет жакка чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду. Ал өткөн жумада Казакстанга өтүүгө аракет кылганда чегарачылар коё берген эмес.

Бир айдан бери бош турган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү кызматына Марат Мураталиев дайындалды. Жаңы өкүлдү мурдагы өкүл азыркы вице-премьер Даир Кенекеев тааныштырууга барды. Даир Кенекеев 15-октябрдагы президенттик шайлоодон кийин Таласта өткөн митингде сөз сүйлөгөн, көп өтпөй президенттин алкышына татып вице-премьерлик кызматка дайындалган. Марат Мураталиев Талас облусун 2006-2008-жылы башкарган Байымбет Мураталиевдин иниси, ал буга чейин Талас облутук капитадык курулуш башкармалыгын жетекчиси болуп иштеп келген. Марат Мураталиев 50 жашта.

Нарын облусунун Жан-Булак айылынын тургунун тоокканасына кирип кармалган сүлөөсүн кое берилди. Тоокторго кирип өзү кылтакка илинген сүлөөсүн Кыргызстанда сейрек кездешүүчү, кызыл китепке кирген жаныбар болгон. Мамлекет тарабынан коргоого алынган бул сүлөөсүндү инспекторлор дыккаттык менен текшеришкен. Аталган жаныбардын эч кандай жаракатты жок болгондуктан Кара-Таш аймагына жеткирилип, сүрөткө тартылып корука коё берилди. Колго түшкөн кызыл китепке кирген сүлөөсүндү кайрадан эркиндикке кое берген Нарын облусунун жашоочусуна социалдык тармактын колдонуучулары ыраазычылык билдиришүүдө.

Армиядан башталган күндүн темасы мына ушундай аялдарды жана балдардын укугун коргоо, жол кырсыктары сыяктуу маселелер менен коштолду. Мамлекетти күчтүү армия гана эмес, күчтүү үй-бүлө да түзөөрүн эске алсак, Президенттин кийлигишүүсүн талап кылган маселелер арбын. Анткени, эки аял алууну колдогон тараптар бул маселени мыйзамдаштырууну өтүнүп, Президентке кайрылуу жибергенге дагы үлгүрүшкөн. Табиятынан динге жакын Президент коомчулукту эки ажырымга бөлгөн бул маселеге кандай карайт аны мезгил көрсөтөт…..

Количество просмотров: 27