• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы… Коррупцияны жеңээрде жеңинен тартылган Аида Салянова…

21 Бирдин айы 2018 18:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңеште “Атамекен” партиясынын депутаты Аида Салянова кесиптештерине кайрылуу жасады. Анда ал өзүнүн башынан өткөргөн саясий куугунтук тууралуу айтып, бүгүн өлкөдө дагы миңдеген жарандардын укуктары тебеленбеши үчүн парламент өз аракеттерин көрүшү керектигин белгиледи.

Сот менен прокуратуранын уюшуп иш кылгандыгы бул-саясий бандитизм…
“Биздин Баш мыйзамыбызда Кыргызстан укуктук, демократиялык мамлекет деп жазылган. Көз карандысыз сот болмоюнча  бул жөн кана кыял боюнча кала берет.
Сот реформасы канча жылса ошончо мамлекет өнүгөт. Бул лакмус кагазындай эле. Коррупциялашкан, өз позициясы жок күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок.
Биринчиден Мыйзам, экинчиден кубөөнүн бары мен тарапта болгонуна карабай сот укуктук эмес, саясый чечим чыгарды. Айта кетчу нерсе менин эмес, тергөөнун  тапкан күбөлөрүнүн баары лицензия мыйзамдуу жандандырылган деп көрсөтүштү. Мамлекетке бир тыйын зыян болгон жок.
Мамлекеттик кызматкерлер чечимдерди саясаттын эмес, мыйзамдын негизинде кабыл алышы керек. Ал үчүн алар коркпошу керек.
Оппозициянын үстүнөн токулган иштер коомдук резонанс менен өткөндүгүг үчүн сот системасынын түп тамыры менен чиригени оркоюп көрүнүп калды.  Мындай өзбилемдик карапайым элдин арасында болбойбу!? Сөзсуз болот. Ар бир шаарда, айылда  өч алам деп жүргөн, көөдөнү кекке толгон бийлиги бар, байлыгы бар адамдар толтура.  Алар дагы көптөгөн адамдардын убалына калып жатканы турулуу нерсе. Демек, бул жалпы мамлекетке тиешелүү илдет.
Бугун прокуратура, Сот жана ГКНБ  уюшуп алып иш алып барууда. Мен Башкы прокурор болуп турганда … азыр бирөөгө ал мезгил жагабы жакпайбы ар бир орган өзүнүн тикелей функционалдык милдеттери менен алек болчу.
Бүгүнкү күнү сот системасы менен прокуратуранын уюшулуп алып кылган  иштери бул саясый бандитизм…”,-деди ал.
Жолдубаева өзүнүн ичкен кудугуна түкүрдү…

“Менин үстүмдөн чыккан өкүмгө ылайык ЦАРИИ элдин алдында өзүн-өзү “компрометация” кылган орган деп табылды. Соттун чечими бул расмий укуктук акт. Демек жалпы  ЦАРИИдеги иштеген адамдар кыргыз мамлекетин уят кылган адамдар деп расмий таанылды. Демек, өкүм мага эмес, ошол кыргыз мамлекетин уят кылган адамдардын үстүнөн чыкты. Алар кимдер? Премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Энергохолдтнгдин жетекчиси Айбек Калиев жана башкалар. Мен буларды жаман деп айткым келбейт. Бирок кош стандарттуулуктун дагы чеги болушу керек да.
Айыптоо корутундусу боюнча, кеп ЦАРИИ жөнүндө эле болгон жок, кеп ошол эле Президент Бакиевдин Аппараты жөнүндө болуп жатат. Ал дагы Президент Институтуна кирчү. Эми ошол жерде жетекчи кызматында иштеген Индира Жолдубаева  өзүнүн ичкен кудугуна түкүрүп өзү иштеген мекемени кыргыз элинин алдында абийири кеткен институт деп таантты. Мындай кишиден жакшылык үмүт кылса болобу? Кичине ар-намыс деген, ички жоопкерчилик деген болушу керек. Жаман аттуу кылуу, беделин түшүрүү, абийирин кетирүү, көпчүлук алдында жаман атка кондуруу деп сөздүккө ылайык орусчадан кыргыз тилине «компрометировать» деген сөз которулат экен.
Мени, лицензия узартылгандан кийин үч жыл, алты жыл өткөндөгү окуялар үчүн соттоду. Өкүмдө ошентип эле жазылып турат: “В 2010 году возобновила лицензию осуждённому Елисееву” деп. Ал болсо сот аркылуу күнөөлү деп 2013-жылы жана 2016-жылы табылган.
Эртен прокуратура Жогорку сотко жаза жумшак болуп калды деп нааразы болмоксон болуп кайрылса, ага тан калбаш керек. Анткени Коопсуздук кенешиндеги президенттин коррупция жөнүндөгү сөзү прокуратура үчүн сөз эмес, прокуратура үчүн мен жоопко тарткан адамдардын сөзү сөз”,-деп сөзүн улады эл өкүлү.
Бийликти пайдаланып өч алуу-алсыздык!

“Коррупция менен күрөшүү бүгүн өз максатына жеткен жок. Мен эле эмес, көптөгөн укук коргоо органдарында иштеген адамдардын мээнети таланып-тонолуп, жалпы ийгиликтерди дискредитацияга алып келди. Коррупция менен күрөшүү биздин мамлекетте мыйзам алдында баары бирдей болгон күнү кана ийгиликтүү болот.
Мен өзүм үчүн эмес жалпы укук системасынын келечеги үчүн Сиздерди, урматтуу депутаттар, сот жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын талап кылууну өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин мойнунда.
Бийликти пайдаланып өч алуу, мен үчүн баягы  бала өзү менен тең балага алы келбегенде улуу агасын чакырып келип өзү менен тең балдарды сабаткан менен эле барабар. Бул алсыздык. Бул жигитчиликке дагы жатпайт. Бизден өч алам деген адамдар бизден таза, бизден бийик болушу керек эле. Мына ошондо биз женилмекбиз. Ошол оппозицияны  баш көтөргүс кылмак. Ошол деморализацияга алып келмел»,-деди ал саясий атаандаштары тууралуу.
Калп айтуу-расмий идеология болуп калды!

“Дагы бир мамлекеттеги чон илдет жөнүндө айткым келет. Бул калп. Калп айтуу расмий идеология болуп калды. Саясый оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизгиси куралы. Калпты мамлекеттик деңгээлде колдонууга,  кубаттаганга, тыйуу салуу боюнча саясый эрк керек.  Калпты жакшы өздөштүргөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды эмес, адам саламдашуудан уялгандай кылып, жийиркенгендей кылышыбыз керек. Мына ошондо прогрессивдуу мамлекетке жол салынат. Өлкөдөгү проблеманын баары адеп-ахлакка байланыштуу. Карагылачы, акыркы убакта коомго, жаш муундарга кимди үлгү кылып көрсөтүп жатабыз – калпычыларды, коркокторду, эки жүздүүлөрдү.
Кабыл алына элек мен жазган бир нече мыйзамдар бар.
Колдоп, кабыл алып коюнуздарды өтүнөм.
Депутат болгонума эки эле жыл болсо дагы мен үчүн бул чон тажрыйба болду.
Баарыңыздарга ыраазычылык билдиргим келет. Иштериңиздерде ийгилик болуп, үй-бүлөөңүздөр менен аман-эсен болуңуздар!”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Эске сала кетсек, Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарган. Бул өкүм БШКга келип түштү. Жакын арада БШКнын мүчөлөрү Аида Салянованын мандатын ажыратып, соттун чечимин аткарууга аргасыз болот.
Ушуну менен эгемен кыргыз тарыхындагы эң күчтүү башкы прокурор, коррупцияга каршы чыныгы күрөшчүл инсан, мыйзамды туу тутуп, принципиалдуулугу менен айырмаланган Аида Салянова саясаттын курмандыгы катары мандатынан ажыратылат. Тилекке каршы…
Количество просмотров: 26