• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. Кыргызстан-Коррупциястанга айланды. Же кампанейщина башталдыбы?

26 Жалган куран 2018 19:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26. 03.2018. Govori.TV
Бир ай мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чакырып, коррупцияга болуп көрбөгөндөй сокку урууну атайын органдарга тапшырган. “же коррупционерлерди жойосуңар, же өзүңөрдү жойом” дегендей эле кеп таштаган анда өлкө башчы. Ошондой эле ал баардык козголуп кайра токтоп калган, өндүрүштөн алынып салынган кылмыш иштерин, айрыкча каржылык мыйзам бузуулар боюнча иштерди кайра карап чыгуу керектигин айтым, соттордон бери көзөмөлгө албаса болбой турганын кыйыткан. Бирок, анын сөзүнө мурдагы Коопсуздук Кеңешинин катчысы чычалап, “Атамбаев коррупция менен күрөшүп жатканда Сооронбай Жээнбеков кайда жүрдү эле, ыя?” таризинде кеп козгогон.
Момуналиев да “мойсогонбу”?
Айтор, кандай гана болбосун, бүгүн Башпрокуратура кичине жанданып, УКМК да көчүгүн көк таштан көтөрдү көрүнөт. Жакынкы учурларда жабырап эле кылмыш иштери ачылып, сурактар башталып жатат. Айталы, бүгүн, Өкмөт башчынын аппаратынын жетекчиси кызматынан өткөн жумада алынган Нурканбек Момуналиев УКМКга суракка чакырылганы маалым болду.  Көрсө, Бишкек жылуулук борборунун тегерегиндеги чуу күчөп, кылмыш ишинде улам жаңы жагдайлар пайда болуп жаткан чакта, ал мамчиновниктин да бул ишканага катыштыгы ачыкталып жатыптыр Тагыраагы, буу казандарды оңдоп-түзөөгө катышып, ири суммадагы акча каржатын чыгарып кеткен факты боюнча иликтөөлөр жүрүп, анда ишти аткарган компаниялардын бири «АйМар Энержи» ЖЧКсынын кожоюну мурдагы Өкмөттүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиевдин жакын тууганы болуп чыкты.  Демек, бул жерде анын кызматты кыянаттык менен пайдаланганы же жеке кызыкчылыктар менен мамлекеттин кызыкчылыгын алмаштырып жиберүү мүмкүндүгү такталат.  Балким, дал ушул себептен улам Сапар Исаков аны кызматтан алып, айланасын таза кармоонун аракетине эртелеп өткөн окшобойбу?
Жол жасабай эле акча жасашыптыр…
Бүгүн дагы бир чуулуу иштин бети ачылып, коомчулуктун кыжырын кайтанып турган чагы. Анда Ысык-Көл районунда жолго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө 1 млн.  600 миң сомдон ашуун акчаны өздөрүнө ыйгарып алган деп «Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун» жана Ананьево айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чет-Байсоорун жана Ананьево айылдарын бириктирген унаа жолго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ал иш Ананьево айылынын айыл өкмөтү жана «Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду» тарабынан кабыл алынган. Ал документте 4164 квадрат метр жердеги чуңкурлар оңдолуп- түздөлгөнү, ага 4 миллион 100 сом акча коротулганы айтылат. Бирок текшерүү иштеринин натыйжасында бар болгону 2511 квадрат метр гана чуңкурлар оңдолуп-түздөлгөнү белгилүү болгон. Бул албетте, аталган фонддогу акча чыгарып кетүүнү бир гана жагы. Болбосо, Кумтөр казылып баштаганы бул фонд аркылуу жүздөгөн адамдар марып, керемет Көлдүн инфраструктурасын жакшырта турган, жаңылай турган каражаттар коррупциялык арыктар менен кимдир бирөөлөрдүн короосуна гана акпадыбы, чиркин… Эгер чындап коррупциянын өзөгүн жулуп салууну каалаган Президент же Өкмөт башчы болсо бул фонддон эмне деген гана фактыларды саап чыгууга болот эле, аттиң, аттиң…
Коргоо министрлиги мамлекетти тоноп кордогондо…
Жол жасагандан жеген эч нерсе эмес… Өлкө ишенген, эл ишенген, мамлекетти коргойт деп колуна тапшырган Коргоо министрлигиндеги жооптуу адамдар бюджеттин каражатын, демек, элдин салыгынан чогулган акчаны сол чөнтөккө солоп туруп, чычайып басып кеткенде кайда элең?
Тактап айтканда, бүгүн, Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы Коргоо министрлиги, азыркы Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу жетекчилери тарабынан ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражат  мыйзамсыз коротулганы ачыкталып, кылмыш иши козголду.
Анда белгилүу болгондой, 2015-жылы мамкомитеттин эсебине 70 млн. сомдон ашуун каражат түшүп, бул стратегиялык обьектилердин инфраструктурасын жакшыртууга жумшалган.  Бирок, андагы  комитеттин жана анын тармактарынын жооптуу жетекчилери, “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте акча каражаттарын өз билемдик менен сарптаганы ачыкка чыккан.
“37 млн. сомдон ашуун каражат аскердик обьектилерге байланышы жок курулуш-оңдоп-түзөө иштерине  жана материал сатып алууга кеткен”,-деп айтылат маалыматта. Ошону менен бирге бул каражаттын ичинен 9 млн. сом чыгымдардын баасын жогорулатуу менен жазылганы да белгилүү болгон. Демек, 9 млн. сомду а-бу деп отурбай эле дароо өздөрүнүнү үй-курулуш иштерине, бизнестерине жумшап жиберишти деп түшүнсөк болот. Ал эми тигил 37 млн. сомдун да канчасы кайда кеткени, чындап акыйкат тергөө жүрсө ачыкталып, бирден саналаар…
Мурдагы Аскер сотунун төрагасы Нурланбек Ашымбековду айгагы ачылды
Аскер сотун башкарып, айлап-жылдап созулган Апрель окуясы боюнча ишти тергеген мурдагы мурдагы Аскер сотунун төрагасы Нурланбек Ашымбековго издөө жарыяланды. Анткени, ал кызматтан алынган соң үстүнөн кылмыш иши ачылган болчу. Эми сот отуруму башталган кезде ал сотко келбей, дайынын билгизбей жаткандыктан издөө жарыяланган.
Кылмыш ишинин тек-жайына келсек, ал Мамалекеттик кайтаруу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, айтылуу кандуу апрель окуясындагы башкы күнөөкөрлөрдүн бири делинген Данияр Дунгановдон 50 000 доллар пара талап кылыптыр. Арыздануучунун айтымында, бул каражатты Нурланбек Ашымбеков чөнтөккө салган болсо Дунгановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп,  үй камагына чыкмак болгон.
Корутунду
Кыскасын айтканда, бүгүн Кыргызстан Коррупциястанга айланып, туш-тараптан эле ансыз да толбой турган бюджетти тешгилегендерди угасың. Мурда көрмөксөнгө салып келгенби же эми иштин көзүн билгендер иштеп баштадыбы, кыдыракей эле кылмыштар ачыла баштады. Кудум эле, 2013-жылдары Алмазбек Атамбаевдин катуу сөзүнөн кийин Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу төбөлдөргө кылмыш иштери ачылып, катуу тартипте кармоолор жүргөндөй. Эми бул коомчулуктун көзүнө жасалган кампанейщина болуп калбай, аягына чыгабы же соодагер сотторго жеткенди иш тындым болуп, жегендер аш кылып кетеби, убакыт көргөзөт…
Количество просмотров: 31